Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-октябры №13
Кара-Дөбө айылынын Т. Насиев көчөсүндөгү турак-жайлары көчө тарапка кирип кеткен короолорду тартипке салуу жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Э. Эрмековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дөбө айылынын Т. Насиев көчөсүндөгү турак-жайлары көчө тарапка кирип кеткен короолорду тартипке салуу маселеси боюнча Отуз-Адыр айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү тарабынан Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына кат жолдонсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (С. Атамбиев)
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |