Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу №1
Отуз-Адыр айыл округунда жайгашкан айылдардагы социалдык маселелер жөнүндө
Айыл башчылардын айылдардагы калктын турмуш-тиричилик шарты, айылдардагы көйгөйлүү маселелер жөнүндөгү отчетторун угуп чыгып жана келип чыккан маселелерди аткаруу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Отуз-Адыр айыл округундагы айылдардагы социалдык маселелер боюнча айыл башчылардын отчеттору көңүлгө алынсын.
2. Отуз-Адыр, Кыш-Абад айылдарында калк менен иш алып баруу күчөтүлсүн, айыл өкмөт башчысы Базибай уулу Асанбек тарабынан айыл башчылар Т. Абжапаров жана А. Сулекеевдин жогорудагы маселелер боюнча жоопкерчиликтери суралсын.
3. Кыш-Абад айылына караштуу жолдогу бузулган көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча 7 (жети) адамдан турган комиссия түзүлсүн. (Тиркеме тиркелет) комиссиянын төрагалыгына депутат С. Атамбиев дайындалсын, ал тарабынан көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгылсын
4. Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу айыл өкмөт башчысы Базибай уулу Асанбекке милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына (С. Атамбиев) милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |
Кыш-Абад айылына караштуу көпүрөнү оңдоп калыбына келтирүү боюнча комиссиянын курамы (№1 токтомго тиркеме)
1. Атамбиев Сыдык - депутат, комиссиянын төрагасы
2. Муратов Мамазакир - депутат, комиссиянын мүчөсү
3. Бектемиров Максутали - депутат, комиссиянын мүчөсү
4. Сайдуллаев Айтали - депутат, комиссиянын мүчөсү
5. Базарбаев Төлөнбай - айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү
6. Төрөмурзаев Тариэл - айыл өкмөттүн турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси, комиссиянын мүчөсү
7. Сулекеев Айдарбек - Кыш-Абад айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | А. Зикиров |