Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 3
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2012–жылдагы бюджетин кошумча каржылоо жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Камчыбековдун «Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетин кошумча каржылоо жөнүндө» билдирүүсүн угуп жана депутаттардын сунуштарын эске алып Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-январына карата Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда калган акча каражаты 307796 сомду түзөт. ушул акча каражаты 2012-жылдын I-жарым жылдыгынан кийинки убакытта зарыл болгон керектөөлөрдү каржылоо үчүн жумшалсын.
2. Жогорудагы сумманын 11796 сому «Назик» балдар бакчасынын керектөөлөрүнө, 296000 сому «Отуз-Адыр» айыл өкмөтүнө кызматтык автомашина сатып алууга жумшалсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ташматов) жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |