Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 4
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө кызматтык автомашина сатып алуу жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө 2002-жылы сатылып алынган кызматтык автомашина тоо этектеринде жайгашкан жана жолдорунун абалы өтө начар аймакта 10 жыл эксплуатацияланып, акыркы 2-3 жылда автомашинаны пайдалануу максатка ылайык болбой калгандыгы (күйүүчү майларды сарпташы кескин көбөйгөн, тез-тез бузулуп турушу жана тетиктерин дайыма алмаштырып туруу, ж. б.) жөнүндө жана айылдык округдук кеңештин депутаттарынын айыл өкмөтүнө кызматтык максаттарда пайдалануу үчүн автомашина сатып алуунун зарылдыгы жөнүндө сунуштарынын негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө кызматтык максаттарда пайдалануу үчүн жеңил автомашина сатып алууга макулдук берилсин.
2. Кызматтык максаттарда пайдалануу үчүн жеңил автомашина сатып алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен (автомашинаны сатып алуу жана документтештирип өткөрүп алуу иштерин кошо эскптегенде) 296000 сом өлчөмүндөгү акча бөлүштүрүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ташматов) жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |