Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 5
«Отуз-Адыр» айыл округунда ашыкча каада-салттарды жоюу, ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча жүрүгүзүлүп жаткан иштер жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты К. Джумабаевдин «Отуз-Адыр» айыл округунда ашыкча каада-салттарды жоюу, ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Джумабаевдин ашыкча каада-салттарды жоюу, ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Ашыкча каада-салттарды жоюу, ысырапкерчиликке жол бербөө иштери боюнча айыл башчылардын жана имамдардын жоопкерчиликтери күчөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу Отуз-Адыр айыл округунун имамы А. Омурзаковго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (К. Джумабаев) милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |