Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу №6
№55 К.Зулпиев орто мектебин капиталдык ремонттон жана №9 М.Тешебаев орто мектебинин жылытуу системаларын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
№55 К. Зулпиев жана №9 М. Тешебаев орто мектептеринин директорлору С.Матназарова жана Б. Нурматовалардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн эсебинен №55 К. Зулпиев орто мектебине 80,0 миң сом жана №9 М. Тешебаев мектебине 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогоруда бөлүнгөн акча каражатын максаттуу иштетүү жана бул боюнча материалдык жоопкерчилик мектеп директорлору С. Матназарова жана Б. Нурматоваларга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (Базибай уулу Асанбекке) жүктөлсүн.
4. Мектептерди ремонттон чыгаруу үчүн түрткү берүүчү грантка бөлүнүүчү акча каражатын бөлдүрүп алуу максатында Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетине кийинки кезектеги сессияда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жагы каралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ташматов) тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |