Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу №7
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн көрүүчүлөр залына креслолорду алуу үчүн 2012-жылдын IV-кварталына сметада каралган акча каражатын 2012-жылдын III-кварталына которуу жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Э. Ташматовдун маданият үйүн каржылоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн көрүүчүлөр залына креслолорду алуу үчүн 2012-жылдын IV-кварталына сметада каралган акча каражаты 2012-жылдын III-кварталына которулсун.
2. Жогоруда аталган акча каражатын 2012-жылдын IV-кварталынан 2012-жылдын III-кварталына которууга уруксат берүү жагы Кара-суу райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ташматов) жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |