Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу №8
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн сметасында мугалимдерге коммуналдык кызматтар үчүн төлөп берүүгө каралган акча каражатынын эсебинен мектептерде нулевой класстарды ачуу үчүн эмеректерди ташып келүүгө жумшалган чыгымдарды төлөп берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты А. Зикировдун мектептерде нулевой класстарды ачуу үчүн эмеректерди ташып келүүгө жумшалган чыгымдарды төлөп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн сметасында мугалимдерге коммуналдык кызматтар үчүн төлөп берүүгө каралган акча каражатынын эсебинен мектептерде нулевой класстарды ачуу үчүн эмеректерди ташып келүүгө 30,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (Базибай уулу Асанбек) тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ташматов) жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |