Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 20–апрели № 3
Жайыт төлөмдөрүнүн жүрүшү жана Отуз-Адыр айылдык округунун жайыттарынын тышкы чек араларын жана анын аянттарын бекитүү жөнүндө
Жайыт төлөмдөрүн жөнгө салуу жана Отуз-Адыр айылдык округунун жайыттарынын тышкы чек араларын жана анын аянттарын бекитүү максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жана жазана төлөмдөрү мыйзам чегинде белгиленген тарифке ылайык бекитилсин.
2. Жогоруда аталган төлөмдөрдү өндүрүүнү уюштуруу жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башкы адиси Төрөмурзаевге тапшырылсын.
3. Кызыл-Абад айылынын жака белинде жайгашкан жайыттарга башка айыл ѳкмѳттѳрдүн мал, койлору киргизилбесин. Айылдардын жака белдеринде жайгашкан жайыттарды пайдалануу укугу ошол айылдардын тургундарына берилсин.
4. Отуз- Адыр айылдык округунун жайыттарынын жалпы аянты 3485,2 гектар, Отуз-Адыр айылдык округунун жайыт чек аралары Шарк, Нариман. Мады, Кашкар-Кыштак, Савай, Төлөйкөн, Жоош, Сары-Колот, Ката-Талдык, жана Алай районун Жаны-Алай айылдык округдарынын жайыттары менен чектешкен чек аралары бекитилсин.
5. Бул токтомдо көрсөтүлгөн жайыттардын чек араларын жана аянттарын макулдашуу жагы Кара-Суу районунун жайыттардын чек араларын аныктоо боюнча комиссиясына сунушталсын
6. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С Атамбиев ) жүктѳлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |