Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 20–апрели №4
Каада-салттар боюнча арыздарды кароо жана аларды жөнгө салуу жөнүндө
Айылдык аймакта ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана мурдагы токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймакта каада-салттар боюнча ашыкча чыгымдарды кыскартуу жөнүндөгү мурдагы токтомдордун жакшы аткарылбай келе жаткандыгына байланыштуу айыл башчылар Т. Абжапаров жана А.Сулекеевдерге эскертүү берилсин.
2. Жогорудагы иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жана чара көрүү иштери Отуз-Адыр айылдык кеңешинин социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына (К. Джумабаев) милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |