Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 20–апрели №6
Мектептерди электр энергиясы менен жылытууга өткөрүү жөнүндө
Мектептердин директорлору З. Кудайбердиева жана Б. Нурматовалардын сүйлөгөндөрүн угуп жана талкуулап чыгып Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн «Октябрдын 70 жылдыгы» жана №9 М. Тешебаев мектептери 2012-2013-окуу жылына карата электр энергиясы менен жылытууга өткөрүлсүн.
2. Жогорудагы мектептерди электр энергиясы менен жылытууга өткөрүү иштерин жүзөгө ашыруу мектептердин директорлору З. Кудайбердиева жана Б. Нурматоваларга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына (К. Джумабаев) жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |