Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 41
2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо Программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012- жылга бекитилген иш -планына ылайык «2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо Программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча» Ош шаарынын мэринин отчетун угуп, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 29-октябрындагы №11-токтомун эске алып, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлеринин, сунуштарынын негизинде, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо Программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча» Ош шаарынын мэринин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):
- 2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өндүрүштүн өсүү темпин басаңдаткан өндүрүш мекемелерине жылдын жыйынтыгы боюнча каралган божомол планды так аткаруусуна көзөмөлдү күчөтүү;
-жергиликтүү ишканаларды колдоо боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүү;
-муниципалдык менчиктин реестрин тактоону жана аны эффективдүү пайдалануу боюнча иш-чара кабыл алуу;
-жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салык жана салык эмес жыйымдарды жылдын жыйынтыгы боюнча ашыкча аткаруусун камсыз кылуу жана салык базасын кеңейтүү;
-каржылык тартипти жана көзөмөлдү күчөтүү;
-Ош шаарындагы коммуналдык чарба ишканалары тарабынан калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу;
-Ош шаарындагы дарылоо мекемелеринде орун алган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү;
-ушул токтомдун аткарылышы боюнча жазуу жүзүндөгү маалыматты 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешине берүүсү милдетендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы | Т.Сабиров
|