Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 42
Шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шаар калкын медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г. Эсенбаеванын жана шаардын саламаттыкты сактоо тармагынын координатору А.Нуралиевдин шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шаар калкын медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын жана шаардын саламаттыкты сактоо тармагынын координатору А.Нуралиевдин шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шаар калкын медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. №1-үй-бүлөөлүк медицина борборунун директору А.Нуралиевге, № 2-үй-бүлөөлүк медицина борборунун директору В.Акимовага, шаардык аймактык оорукананын директору Р.Маметовго, тез медициналык жардам бекетинин башчысы Т.Жумалиевге өздөрү жетектеген мекемелерде орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чара көрүү;
- үй-бүлөөлүк медицина борборлорун жана алардын филиалдарын, шаардык аймактык оорукананы жана анын филиалдарын, тез медициналык жардам бекетин тиешелүү медициналык жабдыктар менен камсыздоо жана аларда оңдоп –түзөө иштерин жүргүзүү үчүн акча каражатын бөлүү маселесин Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги жана шаардык мэрия менен биргеликте чечүү;
- калк арасында, жогорку жана орто окуу жайларында, мектептерде, эмгек жамаатарында жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча санитардык агартуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү милдеттендирилсин.
3. Шаардык мэрияга (М.Мырзакматов) 2013-жылга шаардын бюджетин түзүүдө медицина мекемелеринин муктаждыктарын эске алуу менен, алардын имараттарын, суу жана жылытуу системаларын, жолдорун ремонттоо үчүн мүмкүн болушунча акча каражатын кароо;
- тез жардам автоунааларынын бейтаптардын дарегин табуусун жеңилдетүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жолдорду оңдоо жана алардын алдын жарыктандыруу, көчөлөрдүн аталыштарын, номерлерин тактоо, көчөлөрдөгү бак-дарактардын шактарын кыркуу иштерин камсыздоо;
- шаардагы саламаттыкты сактоо тармагын башкарууну жолго коюу үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте шаардык мэриянын алдында саламаттыкты сактоо департаментин түзүү маселесин карап чыгуу;
- Туркия өкмөтүнүн жардамы менен курулган №2-үй-бүлөөлүк медицина бороборунун № 3- филиалын толук жасап-түзөө үчүн керек болгон акча каражаты менен камсыздоо чараларын көрүү;
- Ош мамлекеттик университетинин базасында студенттердин шаардык поликлиникасын түзүү маселесин карап чыгуу тапшырылсын;
4. Ош областтык медицина мекемелерин координациялоо функциясы Ош шаардык №2-үй-бүлөөлүк медицина борборунун директорунун иш милдетинен ажыратылып, Ош областтык медицина мекемелеринин бирине жүктөө жана № 2- үй-бүлөөлүк медицина борборунун Ош шаарына караштуу юридикалык статуска ээ болуусун камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинен суралсын.
5.Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешине ар бир кварталда маалымат берилип турсун.
6.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн
( А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарында басылып чыксын (Б.Матисаков).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров
|