Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 43
Ош шаарында жаңы жумуш оорундарын түзүү жана жумушсуздукту жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Н.Сабированын жана Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу Министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Э.Райымкуловдун, Ош шаарында жаңы жумуш оорундарын түзүү жана жумушсуздукту жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Н.Сабированын жана Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу Министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Э.Райымкуловдун маалыматтары эске алынсын
2. Ош шаарынын мэриясына (М. Мырзакматов)
- мекеме-ишканалар тарабынан бош жумуш орундары жана жаңы түзүлгөн жумуш орундары боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу Министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына ай сайын берилип туруусун камсыздоо;
- Ош шаарыдагы эң мыкты жерлерди чагылдырган открыткаларды даярдап, сатууга чыгаруу маселесин карап чыгуу сунушталсын;
- мүмкүнчүлүгү чектелген III топтогу майыптарды жумушка алуу боюнча 2013-жылга квота киргизүү милдеттендирилсин;
3. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов), Ош шаардык билим берүү башкармалыгы (Г.Машрапова) жана Ош шаарынын жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу башкармалыгы (Э.Райымкулов) менен биргеликте, мектептердеги кыргыз тил мугалимдерине жана кыргыз филологиясы факультеттеринин студенттерине мекеме-уюмдарга кыргыз тил адиси жана котормочу болуп иштөөгө шарт түзүү жагы сунушталсын;
4. Ош шаарынын жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу башкармалыгына (Э.Райымкулов)
- башкармалыкта аткарылып жаткан иштер, жетишкендиктер жөнүндө массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жеткирүү:
- Ош шаарынын калкынын арасында коомдук акы төлөнүүчү иштер жана жумушсуз катары каттоого туруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин;
5. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына (Б.Матисаков) жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Сабирова) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров
|