Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 44
Ош шаарынын тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерлердин иш сапаты жана ишкердикти өнүктүрүүдө Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматы, мэриянын өнөр жай жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү башкармалыгы, Адилет башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Н.Сабированын жана Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башчысы Ж.Турганбаевдин, Ош шаарынын мэриясынын өнөр жай жана ишкердүүдүктү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А. Мурзалиевдин жана Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармасынын башчысы Р.Мусаевдин, Ош шаарынын тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерлердин иш сапаты жана ишкердикти өнүктүрүүдө Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматы, мэриянын өнөр жай жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү башкармалыгы, Адилет башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Н.Сабированын жана Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башчысы Ж.Турганбаевдин, Ош шаарынын мэриясынын өнөр жай жана ишкердүүдүктү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А. Мурзалиевдин жана Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармасынын башчысы Р.Мусаевдин маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүнө (Шакиров Ш.Ш.), Ош шаардык мамлекеттик салык кызматы башкармалыгы (Турганбаев Ж.А.) тарабынан кыймылдуу мүлккө болгон 4-тайпадагы (унаа) салыкты жыйноодо чогуу иш алып баруу сунушталсын.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (А.Алимбекова) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (Б.Матисаков) жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Сабирова) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров
|