Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 45
«Шаарсвет» Ош электр жарык тармактар ишканасынын 2011-жылда жана 2012-жылдын өткөн мезгил аралыгында аткарган иштери боюнча отчету
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012- жылга бекитилген иш -планына ылайык «Шаарсвет» Ош электр жарык тармактар ишканасынын 2011-жылда жана 2012-жылдын өткөн мезгил аралыгында аткарган иштери боюнча» «Шаарсвет» Ош электр жарык тармактар ишканасынын жетекчиси М.Мамасадыковдун отчетун угуп, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылытуу-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депуттатардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Шаарсвет» Ош электр жарык тармактар ишканасынын 2011-жылда жана 2012-жылдын өткөн мезгил аралыгында аткарган иштери боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М. Мырзакматов):
- «Шаарсвет» Ош электр жарык тармактар ишканасына шаардагы жарыктандырылбаган көчөлөргө түнкү жарыктандыруу обьектилерин орнотуу иштерин жүргүзүүсүнө өбөлгө түзүү;
- 2013-жылга ишкананын титулдук баракчасын түзүүдө шаардын калкынан келип түшкөн суроо-талаптарды эске алуу;
- жыл башынан белгиленген иш чараларды толук аткарууга жетишерлик деңгээлде каржылоо жана ажыратылган акча каражаттарынын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө;
- электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында көчөлөрдөгү түнкү жарыктандыруу обьектилерин өз убагында жандырып-өчүрүүсүн көзөмөлдөө;
- бекитилген жылдык планга ылайык иш алып баруусун көзөмөлдөө;
- ушул токтомдун аткарылышы боюнча жазуу жүзүндөгү маалыматты 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешине берүү милдетендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|