Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 46
Ош шаарынын мэриясынын автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясынын ишмердигин кароо жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2012- жылга бекитилген иш -планына ылайык «Ош шаарынын мэриясынын автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясынын ишмердигин кароо жөнүндө аталган ишканасынын жетекчиси Ж.Маматовдун отчетун угуп, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылытуу-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун токтомунун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депуттатардын ой-пикирлеринин, сунуштарынын негизинде, депутаттардын Ош шаардык Кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Ош шаарынын мэриясынын автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясынын ишмердигин кароо боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):
- дирекция тарабынан Ош шаарында баш аламан жайгашкан автотоктомолорду, автокоюучу жайларды жана автогараждарды иретке келтирүү боюнча жүргүзүп жаткан иш аракеттерин көзөмөлдөө;
- автотоктомолордон, каттоого алынган автогараждардан түшкөн жыйымдардын жергиликтүү бюджетке толук өлчөмдө которулуусун көзөмөлдөө;
- ушул токтомдун аткарылышы боюнча жазуу жүзүндөгү маалыматты 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешине берүү милдетендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына тапшырылсын.
5.Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |