Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 47
Шаардын мектептериндеги жана балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Акжоловдун шаардын мектептериндеги жана балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндөгү маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Акжоловдун шаардын мектептериндеги жана балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндөгү маалыматтары эске алынсын.
2. Шаардагы билим берүү мекемелердин айрымдарында окуу-тарбия иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууларга жол коюлуп, балдарды тамак-аш менен камсыздоодо санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбай жаткандыгы белгиленсин.
3. Шаардык билим берүү башкармалыгына (Машрапова Г.Э.) шаардагы мектептерде жана балдар бакчаларда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
- өзүнүн ишмердигинде, мектептерде жана бала бакчаларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Эмгек Кодексинин, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-ченемдик актыларынын так аткарылышын камсыздоо, орун алган мыйзам бузуулар боюнча өз убагында тиешелүү чараларды көрүү;
- тиешелүү органдар менен биргеликте №6-Макаренко атындагы мектептин ОшМУнун юридикалык колледжине берилип кеткен имаратын, №8-Горький атындагы мектептердин жеке жактарга берилип кеткен жер аянттарын, №9-Рудаки мектебинин убактылуу пайдалануу үчүн мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна берилген имаратынын жарымын сот аркылуу болсо дагы кайтарып алуу боюнча иш алып баруу;
- мектептердин директорлорунун жана бала бакчалардын башчыларынын өз милдеттери үчүн жоопкерчиликтерин күчөтүү, иштерин такай көзөмөлгө алуу, аларды ротациялоо маселесин карап чыгуу, билим берүү мекемелеринде санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын, билим сапатын жана тарбия иштерин күчөтүүнү камсыздоо;
- мугалимдердин жана окуучулардын өз убагында медициналык кароодон өтүп туруусун камсыздоо;
- бала бакчаларда балдардын тамактануусу үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатынын өлчөмүн өзгөртүү маселесин шаардык мэрия менен биргеликте чечүү;
- ата-энелер, аймактык кеңештер, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен биргеликте окуучулар арасында тарбия иштерин күчөтүү милдеттендирилсин.
4. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) шаардагы билим берүү мекемелеринин имараттарын жана жер аянттарын башка жактарга берүүгө жана сатууга тыюу салынсын, ошондой эле №6-Макаренко атындагы, № 9-Рудаки атындагы мектептердин имараттарын, №8-Горький атындагы мектептин сатылып кеткен жер аянттарын кайтаруу боюнча чараларды көрүү;
- Ак-Тилек кичи районундагы жаңы мектептин жол тарабындагы ижарага берилген жер участкасын мектептин карамагына өткөрүп берүү;
- бала бакчалардагы балдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен сүт менен камсыздоо маселесин карап чыгуу;
- билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын жакшыртууга көңүл буруу тапшырылсын.
5. Шаардык мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборуна (У.Каратаева) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык инспекциясына (С.Курбаназаров) шаардагы мектептерде жана балдар бакчаларында санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын жана даярдалган тамак аштын сапатын такай көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылып жатышы жөнүндө маалымат ар бир квартал сайын депутаттардын Ош шаардык Кеңешине берилип турсун.
7. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттого алынсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарында басылып чыксын (Б.Матисаков).
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров
|