Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 48
Шаардын башкы планынын аткарылып жатышы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылга бекитилген иш планына ылайык шаардын башкы планынын аткарылып жатышы жөнүндө, Ош шаардык архитектура жана шааркуруу башкармасынын отчетун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №9-токтомун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Шаардын башкы планынын аткарылып жатышы жөнүндө, Ош шаардык архитектура жана шааркуруу башкармасынын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М. Мырзакматов):
- Шаардын башкы планынын аткарылып жатышы боюнча Ош шаардык архитектура жана шааркуруу башкармасы тарабынан аткарылып жаткан иш аракеттерин көзөмөлдөө;
- Шаардын башкы планынына ылайык келбеген мыйзамсыз курулуштарды жокко чыгарып, иретке келтирүү.
- ушул токтомдун аткарылышы 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндөгү маалыматты депутаттардын Ош шаардык Кеңешине берүү милдетендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|