Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 49
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Ш.Шакировдун «Жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо» жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 18-октябрындагы №5-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Ш.Шакировдун жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаардык ички иштер башкармалынынын жол кыймыл коопсуздук бөлүмүнө (Ш.Шакиров) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде:
- Жол кыймылынын коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлеринин айдоочулар менен мамиле кылууда кызматтык этиканын сакталышын камсыздоо;
- Жол кыймылынын коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлеринин дислокациясын мыйзам чегинде тартипке салуу боюнча иш чараларды алып баруу;
- Ош шаарындагы автоунаалардын техникалык абалын такай көзөмөлгө алуу;
- шаарда жүргөн автоунаалардын номерлеринин бар-жоктугуна көңүл буруп, айдоочулардын автоунааларынын карайтылган айнектерин алдыруу;
- Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустардын жана кичи автобустардын атайын аялдамаларга гана токтоосун көзөмөлдөө;
- жол кырсыктарынын алдын алуу жана аларды болтурбоо максатында Ош шаарында жайгашкан мектептердин алдына бирден жол кыймылынын коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлеринин туруусун камсыз кылуу;
- Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жол кырсыктарынын алдын алуу жана аларды болтурбоо максатында аткарылып жаткан иш чараларын массалык маалымат каражаттарында чагылдырып туруу;
- Ички иштер министрлигинин Ош областы боюнча МАИнын атайын мантаждоо-эксплуатациялоо башкармалыгы (СМЭУ ГАИ) менен биргеликте шаардын ичиндеги көчөлөргө керектүү атайын шарттуу жол белгилерин коюу үчүн тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):
- жол кырсыктарынын алдын алуу жана аларды болтурбоо, ошондой эле жол тыгылыштарын жоюу максатында Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүн шаардын чет жагына жылдыруу;
- Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан фонтандын алдындагы жолдун бир жагына гана автоунаа токтотулушун ишке ашыруу, А.Масалиева көчөсүндөгү «Келечек» базарынын, «Этас» кафесинин, Ош шаардык сотунун, Г.Айтиева жана Амир Темир көчөлөрүндөгү «Алга-Бас» автоунаа тетиктерин сатуучу базардын, А.Мамыров көчөсүндөгү курулуш материалдарын сатуучу базарынын жана автоунаа сатуучу базарынын, Б.Осмонов көчөсүндөгү «Ала-Арча» соода базарынын, А.Новаи көчөсүндөгү «Келечек» базарынын жана «Кристалл» мейманканасынын жанындагы, И.Монуев көчөсүндөгү Ош областык оорукананын жанында жайгашкан «токтомолорду» жоюу, ошол жерлерде автоунаалардын токтоосуна жана токтоп туруусуна тыюуу салуу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте тиешелүү иш чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
4. Ош шаарындагы жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында үйлөнүү үлпөт тойлорду коштоочу автоунаалардын саны, видеого тартып жүргөн автоунааны кошпогондо, 4 автоунаадан ашпоосуна чек коюлсун.
5. Бул токтом мыйзама каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Мирзаматов) жүктөлсүн.
7. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|