Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 39
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 20-январындагы № 145-«Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2012-жылдын 14-августундагы № 279-08-6- жана 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 101-08-5- депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145-«Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу каттарын карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145-«Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2.3. пункту «Эки жылда бир жолу пенсиясынын өлчөмү 6000 сомдон ашпаган
аз камсыз болгон пенсионерлерге, майыптыгынын себептерине карабастан
1-2- 3- топтогу ден соолгугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (Улуу Ата Мекендик согуштун, ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынан сырткары) кымбат баалуу эмес металлдардан тиш протезин салуу үчүн 1 ден 20 га чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө социалдык жардам» деп окулсун;
- 2.7. пунктундагы «согуштун майыптарынын» деген сөздөр «согуштун
майыптарынын жана катышуучуларынын» деп толукталсын;
- 3.4 пунктунун биринчи подпунктундагы «пенсиясынын өлчөмү 4000 сомдон
ашпаган 1-2- топтогу» деген сөздөр «пенсиясынын өлчөмү 6000 сомдон
ашпаган 1-2-3- топтогу» деп окулсун.
- 3.4. пунктунун экинчи подпунктундагы биринчи сүйлөмдөгү «5 эсептик көрсөткүч» деген сөздөр «7 эсептик көрсөткүч» деп окулсун.
2. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарында басылып чыксын Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
4. Токтом кол койгон күндөн күчүнө кирет.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|