Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 52
«Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө», «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча шаардык Кеңештин комиссиясы жөнүндө» Жоболорду жана шаардык Кеңештин Ардак граматасы менен сыйлоо боюнча комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу
Ош шаарынын экономикалык жана социалдык жактан өсүп-өнүгүшүнө кошкон чоң салымы, коомдук саясий иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Ош шаарынын тургундарын жана мекеме ишканалардын кызматкерлерин сыйлоо максатында Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 18-октябрындагы №7-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө» Жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясы жөнүндө» Жобо №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясынын курамы №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров
|