Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 53
Жалил Руслан жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин депутаты Жалил Русландын 2012-жылдын 17-августундагы депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-2-пунктарын жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктун жетекчиликке алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин депутаты Жалил Русландын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2.Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
4. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|