Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 54
Ош шаарындагы мурда Ош шаардык аскер комиссариаты жайгашкан имаратты Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүн №107 дарегинде жайгашкан мурунку Ош шаардык аскер комиссариатынын имаратын жана ага тиешелүү болгон 2300 чарчы метр жер тилкесин, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу жөнүндөгү 2012-жылдын 27-июлундагы 244/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №6-токтомун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын мэриясы (М.Мырзакматов) Ош шаарындагы мурда Ош шаардык аскер комиссариаты жайгашкан имаратты жана ага тиешелүү болгон 2300 чарчы метр жер тилкесин Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык, муниципалдык менчик обьекттерине укук белгилөөчү документтер даяр болгондон кийин, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу маселесин депутаттардын Ош шаардык Кеңешине сунуштасын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|