Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 55
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын шаардагы окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде ишке кандай ашырылып жатышы , бул багытта шаардык билим берүү башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жана Ош шаарында мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу боюнча Ош шаардык мэриясына караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиянын иш чарасынын долбоору жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 17-август, 2012-жылы болуп өткөн кезектеги IV сессиясынын №26-токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын шаардагы окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде ишке кандай ашырылып жатышы жана бул багытта шаардык билим берүү башкармалыгынын жүргүзгөн иштерин карап чыгуу жөнүндөгү Ош шаардык мэриясынын 27.09.12-жыл №547-буйругу менен түзүлгөн комиссиянын тең төрайымы Т.Өмүрзакованын, Ош шаарынын вице мэри, мэрияга караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Д.Ходжаевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап Ош шаарында мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу боюнча Ош шаардык мэриясына караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын иш чарасынын долбоорун карап чыгып, бул маселелер боюнча чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын шаардагы окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде ишке кандай ашырылып жатышы жана бул багытта шаардык билим берүү бшкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгуу жөнүндөгү Ош шаардык мэриясынын 27.09.2012-жыл №547 буйругу менен түзүлгөн комиссиянын тең төрайымы Т.Омурзакованын, Ош шаарынын вице мэри, мэрияга караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Д.Ходжаевдин шаардагы окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде мамлекеттик тил мыйзамы ишке кандай ашырылып жатышы жана бул багытта шаардык билим берүү башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Комиссия тарабынан текшерилген окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн көпчүлүк мектептерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу багытында аракет бар экендиги белгиленсин.
3. №21-Пушкин (Абдурахманов М), №29-Калинин -(А.Абдуразаков), №26-Токтогул (Р.Мирзадоев), №9-Рудаки (М.Асланова), №42-Бабур (Х.Шарипова) орто мектептеринде, «Олимп» мектеп гимназиясында (А.А.Язов) мамлекеттик тил боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы жана №3-Ломоносов (Г.Атабаева), №4-Киров (Г.Туташева), №10-Ленин (А.Шакирова), №47 (Ө.Эгембердиев) орто мектептерде кемчиликтерге жол берилгендиги белгиленсин.
4. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (Г.Машрапова) окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили жана адабияты сабактарын окуткан мугалимдерди дайындоодо анын сапаттык курамына жетиштүү көнүл бурбагандыгы көрсөтүлсүн жана бул багытта такай иш алып баруу;
- Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашырууда кемчиликтерге жол берген №3- Ломоносов, №4-Киров атындагы мектептердин жетекчилеринин жоопкерчилигин карап, тийиштүү чара көрүү жана кемчиликтерди жоюу;
- Мектептерди Т.Аширбаев, О.Жапарова, Ө.Калыевалар түзгөн иш кагаздары китепчеси, атоолордун (терминдердин) орусча-кыргызча сөздүгү менен камсыздоо, окуу программалары менен мугалимдер сабак өткөн материалдардын дал келбестигин жоюу багытында тиешелүү органдар менен иш алып баруу милдеттендирилсин;
- Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу боюнча №21-Пушкин атындагы орто мектептин жүргүзүп жаткан үлгүлүү иш тажрыйбасын башка мектептерге жайылтуу максатында атайын иш чараларды өткөрүү;
- Окутуу орус жана өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде мамлекеттик тилдин денгээлин көтөрүү максатында мектеп директорлорунун бир орун басарын кыргыз тил жана адабият боюнча адис мугалимдерден дайындоо жагы сунушталсын;
Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча бир ай мөөнөт ичинде жазуу түрүндө депутаттардын Ош шаардык Кеңешине маалымат берүү милдеттендирилсин.
5. Ош шаарында мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу боюнча Ош шаардык мэриясына караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын иш чарасы бекитилсин.
6. Заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата атайын иш чараларды өткөрүү мэрияга караштуу мамлекеттик тил комиссиясына тапшырылсын (Д.Ходжаев).
7. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров
|