Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 56
Кара-Суу районунан которулган 868 га, Араван районунан которулган 749 га жер тилкелери жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 15-ноябрындагы №415/08-6-катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №82-«Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Токой фондусунун жерлери" категорияларынан "Калктуу пункттардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө» токтомунун 3-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын мэриясы (М. Мырзакматов) Кара-Суу районунан которулган 868 га, Араван районунан которулган 749 га жер тилкелеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инфраструктуралык (жол, электроэнергия, суу, газ жана социалдык) объектилери толук түрдө бүткөрүлгөндөн кийин мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине кабыл алуу маселесин депутаттардын Ош шаардык Кеңешине сунуштасын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, агрардык, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |