Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 57
Ош шаарынын «Уч куча» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №320-08-6 катын карап жана талкуулап, географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2011-жылдын 30-майындагы №2 протоколун эске алып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №3-токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин «Альфа» бөлүгүнүн кызматкери, куралданган кылмыш тобун колго түшүрүү учурунда баатырларча курман болгон, маркум Бабараимов Жеңишбектин элесин урматтап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын «Уч куча» көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары «Жеңишбек Бабараимов» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Жеңишбек Бабараимов» атындагы көчөлөрдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С.Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Л.Тажиева) «Жеңишбек Бабараимов» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров
|