Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 58
Ош шаарынын Достук кичи районундагы «Техническая» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 7-декабрындагы 457/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап, географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2012-жылдын 7-августундагы №1 протоколун эске алып. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, көп жылдар бою жогорку партиялык кызматтарда эмгектенген көрүнүктүү ишмер, «За оборону Сталинграда», «За трудовую доблесть», «За победу в войне», «За доблестный труд» медалдары менен сыйланган, маркум Алтыбаев Тойчунун элесин урматтап ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын Достук кичи районундагы «Техническая» көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары «Тойчу Алтыбаев» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Тойчу Алтыбаев» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С.Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Л.Тажиева) «Тойчу Алтыбаев» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|