Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 59
Ош шаарындагы «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Тээке айылындагы аты жок узундугу 700 метр көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №320-08-6 катын карап жана талкуулап, географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2011-жылдын 30-майындагы №2 протоколун эске алып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №3-токтомунун негизинде, Ош шаарын жашылдандырып, кооздоп, жасалгалоо багытында көп жылдар бою көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатында эмгектенип, декоративдик дарактарды, бадалдарды, түрдүү сорттогу гүлдөрдү өстүргөн, айрыкча 100000 даана роза гүлүн биринчилерден болуп кыйыштырып өстүргөн багбан, ал эмгектери үчүн эки жолу эмгектин артыкчылыгы ордендери, көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган, маркум Султанов Амандын элесин урматтап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарындагы «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Тээке айылындагы аты жок узундугу 700 метр көчө мындан ары «Аман Султанов» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Аман Султанов» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарын алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык финансы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С.Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Л.Тажиева) «Аман Султанов» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|