Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 60
Ош шаарынын Достук кичи районундагы №71 көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 29-ноябрындагы 434/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи», персоналдык пенсионер, Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасынын жана башка мамлекеттик сыйлыктардын ээси болгон маркум Тажик Нурматовдун элесин урматтап ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын Достук кичи районундагы №71 көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары «Тажик Нурматов» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3.«Тажик Нурматов» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С.Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Л.Тажиева) «Тажик Нурматов» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|