Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 62
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу «Тээке» айылындагы аты жок көчөгө Абдырахман Мамаевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №320-08-6 катын карап жана талкуулап, географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2011-жылдын 30-майындагы №2-протоколун эске алып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 30-сентябрындагы №9-токтомунун негизинде, көп жылдар бою педагогикалык жаатта, мамлекеттик жогорку партиялык жетектөөчү кызматтарда, ардактуу эс алууга чыккандан кийин да өмүрүнүн акырына чейин бир топ жылдар «Тээке» айылында айыл башчы болуп эмгектенген, эмгектин ардагери, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгектеги жетишкендиги үчүн, «Эмгектин ветераны» медалдары, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрилигинин «1941-1945-ж.ж. согуш ардагери» Ардак белгиси менен сыйланган, маркум Мамаев Абдырахмандын элесин урматтап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу «Тээке» айылындагы аты жок көчөсү мындан ары «Абдырахман Мамаев» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Абдырахман Мамаев» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С.Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Л.Тажиева) «Абдырахман Мамаев» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|