Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 63
Ош шаарындагы «2-Кара-Суу» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №320-08-6 катын карап жана талкуулап, географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2011-жылдын 30-майындагы №2-протоколун эске алып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №3-токтомунун негизинде, 30 жылдан ашуун убакыт бою педагогикалык кызматты аркалап, эмгектенип келген, миңдеген улан-кыздарга тарбия, билим берген ОГПИнин тажрыйбалуу улук окутуучусу, шаардык, областтык, республикалык фестивалдардын, кароо-сынактардын лауреаты, Кыргыз Республикасынын «Эл агартуусунун мыктысы», «Республикалык Кесиптик бирдиктин мыктысы» төш белгилери менен сыйланган, 2010-жылдын июнь коогалаңында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, маркум Айша Маматсакованын элесин урматтап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарындагы №2-Кара-Суу көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары «Айша Маматсакова» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Айша Маматсакова» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С.Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Л.Тажиева) «Айша Маматсакова» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|