Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 64
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу «Төлөйкөн» айылындагы аты жок көчөгө Икрам Мадымаровдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №320-08-6 катын карап жана талкуулап, географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2011-жылдын 30-майындагы №2-протоколун эске алып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №3 токтомунун негизинде, Төлөйкөн айылында тулуп-өскөн, көп жылдар бою айыл жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечүү маселелерине активдүү катышып,айыл элинин урмат-сыйына ээ болгон ардактуу аксакал, «Эмгек Кызыл Туу»ордени, бир нече медалдар менен сыйланган, Төлөйкөн айылдык Кеңешине бир нече жолу депутат болуп шайланган, эмгек ардагери, маркум Мадымаров Икрамдын элесин урматтап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу «Төлөйкөн» айылынын Ж.Мамытов көчөсүнөн Т.Ражапов көчөсүнө чейин узундугу 700 метр болгон жаңы көчөнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары «Икрам Мадымаров» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Икрам Мадымаров» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С. Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кенсесине (Л. Тажиева) «Мадымаров Икрам» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б. Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|