Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 65
Ош шаарынын Петрова көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №3-токтомунун эске алып, Кара-Кулжа районунан чыккан палван, күрөш боюнча Орто Азиянын, Казакстандын бир нече жолку чемпиону жана Пакистанда болуп өткөн мелдеште дүйнөнүн чемпиону болгон маркум Абакир уулу Төрөбектин элесин урматтап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Петров көчөсүнүн аты өзгөртүлүп мындан ары «Абакир уулу Төрөбек» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Абакир уулу Төрөбек» атындагы көчөлөрдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С.Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Л.Тажиева) «Абакир уулу Төрөбек» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
|
Т. Сабиров |