Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 66
Ош шаарынын Озгур айылындагы тегирменден шыйпаңга чейинки 800 метр көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиясынын 2012-жылдын 7-августундагы №1-протоколун эске алып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты, Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Сыйлыгынын ээси, Ленин, Октябрь революциясы ордендеринин, Эмгектеги артыкчылыгы медалы, «Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү», «Тогузунчу беш жылдыктын ударниги» деген төш белгилер менен сыйланган мамлекетибиз үчүн чоң эмгек сиёирген ишмер маркум Кулматов Исраилдин элесин урматтап, сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Озгур айылындагы тегирменден шийпаңга чейинки 800 метр көчөнүн аты мындан ары «Кулматов Исраил» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3.«Кулматов Исраил» атындагы көчөлөрдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С.Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Л.Тажиева) «Кулматов Исраил» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
|
Т. Сабиров |