Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 67
Ош шаарынын Ак-Буура көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиясынын 2012-жылдын 7-августундагы №1-протоколун эске алып, XVII-XVIII кылымдарда Фергана өрөөнүндөгү ар кандай уруулардын башын бириктирип жетектеп, Кыргыздын жерин жана элин монгол баскынчыларынан коргоп калган аскер башчысы Тилеке Баатырдын элесин урматтап, сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын Ак-Буура көчөсүнүн аты өзгөртүлүп «Айкөл Манастын» эстелигине чейин мындан ары «Тилеке Баатыр» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Тилеке Баатыр» атындагы көчөлөрдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К. Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С. Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А. Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Л. Тажиева) «Тилеке Баатыр» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А. Алимбекова) жана массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын (Б. Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
Макулдашилдык Аппарат жетектичи Бөлүм башчы Башкы адис-юрист: Мамлекеттик тил боюнча адис Аткаруучу:
|
З. Сасыкбаев М. Раманов М. Алимбекова Б. Матисаков Д. Туленбаев |