Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 68
Ош шаарындагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан «Ош облустук көркөм сүрөт музейине» Тургунбай Садыковдун ысмын ыйгаруу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 16-августундагы №357-08-6-катын карап жана талкуулап, географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2011-жылдын 26-июлундагы №3-протоколун эске алып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №3-токтомунун негизинде, катардагы сүрөтчүлүктөн баштап Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрүнүн улуттук Академиясынын президенти кызматына чейинки кызматтарда эмгектенген, «СССРдин эл сүрөтчүсү», «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» наамдарынын ээси, сүрөтчүлөрдүн Россия Академиясынын анык мүчөсү, Ленин, Токтогул атындагы сыйлыктардын, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын, «Түрк элине кызмат кылуу» сыйлыгынын (Туркия), Эл аралык «Алтын көпүрө» сыйлыгынын (Казакстан) лауреаты, Социалисттик Эмгектин Батыры, Кыргыз Эл баатыры, Ата мекендик жана дүйнөлүк искусствосунун өнүгүүсүнө, сүрөтчүлөрдүн жаш муундарын тарбиялоого жана билим алуусуна баа жеткис салымын кошкон сүрөтчү, көрүнүктүү коомдук ишмер, анын эл купулуна толгон көптөгөн ири монументалдык чыгармалары менен кыргыз элинин даёкын даңазалап, Чикаго, Люксембург, Нью-Йорк сыяктуу шаарларында орнотулган. Талыкпас эмгектери үчүн «Ленин», «Ардак белгиси», Казакстандын «Парасат» ордендери, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, СССРдин сүрөтчүлөр Академиясынын Греков атындагы алтын медалдары, СССРдин ВДНХсынын алтын жана күмүш медалдары менен сыйланган. 30 жылдан бери Ош шаарындагы көркөм-сүрөт музейин ачуу демилгесин көтөрүп келген кыргыздын чыгаан уулу, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырыгынын депутаты болуп шайланган, Тургунбай Садыковдун дүйнөлүк жана Кыргыз искусствосуна сиңирген зор эмгегин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарындагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан «Ош облустук көркөм сүрөт музейи» мындан ары «Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейи» деп аталсын.
2. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов) Ош шаарындагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан «Ош облустук көркөм сүрөт музейин» «Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейи» деп кайра каттоо милдеттендирилсин.
3. Шаардык экономика жана каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейин кайра каттоого кетүүчү чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо милдеттендирилсин.
4.Ош шаардык маданият башкармалыгына (Р.Сатыбалдиев) Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинин аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу иш кагаздарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
5.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|