Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 69
Ош шаарынын «Алымбек Датка» аймактык Кеңешиндеги Ж. Зайнабетдинов көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 7-декабрындагы 458/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап, географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2012-жылдын 7-августундагы №1 протоколун эске алып. Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө кызматынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1996-жылдан Ош областынын Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы, 1999-2004-жылдары Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты болуп шайланган Кыргыз элинин чыгаан уулу маркум Раимбеков Жолдошбектин элесин урматтап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын «Алымбек Датка» аймактык Кеңешиндеги Ж. Зайнабетдинов көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары «Жолдошбек Раимбеков» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Жолдошбек Раимбеков» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С. Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А. Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Л.Тажиева) «Жолдошбек Раимбеков» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б. Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|