Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 70
Ош шаарындагы жаңы кварталдардын көчөлөрүнө номер берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 7-декабрындагы 459/08-6 сандуу, Ош шаарындагы жашоочулардын дарегин тактап, акыркы жеке менчик үй куруу үчүн бөлүнүп берилген кварталдардын көчөлөрүнө номер берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2012-жылдын 7-августундагы №1 протоколун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарындагы жашоочулардын дарегин тактап берүү үчүн, акыркы жеке менчик үй куруу үчүн бөлүнүп берилген кварталдардын көчөлөрүнө төмөндөгүдөй номерлер берилсин:
-«Мады» 224-кварталындагы 1ден 10го чейинки көчөлөр;
-«Кеңеш» 218-кварталындагы 1ден 22ге чейинки көчөлөр;
-«Керме-Тоо» 225-кварталындагы 1ден 12ге чейинки көчөлөр;
-«Керме-Тоо» 225а-кварталындагы 1ден 25ке чейинки көчөлөр;
-«Мады» 223-кварталындагы 1ден 25ке чейинки көчөлөр;
-«Мады» 222-кварталындагы 1ден 25ке чейинки көчөлөр;
-«Эдельвейс-1» кварталындагы 1ден 12ге чейинки көчөлөр;
-«Эдельвейс-2» кварталындагы 1ден 8ге чейинки көчөлөр;
2. Көчөлөрдүн номери жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А. Кадыров) милдеттендирилсин.
3. Көчөлөрдөгү көрнөк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К. Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (С. Өмүрзаков), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов) жана шаардык нотариалдык кеңсесине (Л. Тажиева) көчөлөрдүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б. Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров
|