Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 71
Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы 850 окуучуга ылайыкташкан, энергияны сарамжалдоочу мектепти «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы орто мектеби деп атоо жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 13-ноябрындагы Ак-Тилек кичи районундагы 850 окуучуга ылайыкташкан, энергияны сарамжалдоочу мектепти «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы орто мектеби деп атоо жөнүндөгү 411/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын «Ак-Тилек» кичи районундагы 850 окуучуга ылайыкташкан, энергияны сарамжалдоочу мектеп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү документтери даярдалгандан кийин, «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы орто мектеби деп аталсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов)
-Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 «Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Жобонун негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
-«Ош шаарындагы географиялык обөекттердин атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү, атуулдардын жана эмгек жамааттардын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча» комиссиясына тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б. Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|