Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 72
«Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалына Алымбек Датканын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 13-ноябрындагы «Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалына Алымбек Датканын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 412/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалына Алымбек Датканын ысымын ыйгаруу боюнча маселе тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылгандан кийин шаардык Кеңештин кийинки сессиянын кароосуна сунушталсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М. Мырзакматов) «Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалына Алымбек Датканын ысымын ыйгаруу тууралу маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иш чараларын жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 «Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү документтерин даярдоо милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б. Матисаков).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|