Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 73
«Жылуулуккамсыздоо» Ош шаардык муниципалдык ишканасынын, «Ош электро» акционердик коомунун, Ош райондук электр тармактар ишканасынын, Ош шаардык электр энергиясын сатуу бөлүмүнун, Ош жылуулук электр борборунун, Ош газ чарба башкармалыгынын кыш мезгилин өткөрүү боюнча маалыматтары жөнүндө
«Жылуулуккамсыздоо» Ош шаардык муниципалдык ишканасынын (К.Алишеров), «Ош электро» акционердик коомунун (Т.Жолдубай уулу), Ош райондук электр тармактар ишканасынын (Б.Токторбаев), Ош шаардык электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн (А.Ташболотов), Ош жылуулук электр борборунүн (ТЭЦ) (А.Аттокуров), Ош газ чарба башкармалыгынын (А.Аматов) жетекчилеринин кыш мезгилин өткөрүү боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Жылуулуккамсыздоо» Ош шаардык муниципалдык ишканасынын (К.Алишеров), «Ош электро» акционердик коомунун (Т.Жолдубай уулу), Ош райондук электр тармактар ишканасынын (Б.Токторбаев), Ош шаардык электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн (А.Ташболотов), Ош жылуулук электр борборунүн (ТЭЦ) (А.Аттокуров), Ош газ чарба башкармалыгынын (А.Аматов) жетекчилеринин кыш мезгилин өткөрүү боюнча маалыматтары эске алынсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каржаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|