Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 74
Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын аталышын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы № 01-4/107-катын карап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 7-декабрындагы отурумунун токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын аталышын «Аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жыйым» деп өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кайрылуусу жөнөтүлсүн.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б. Матисаков).
3. Аталган токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Эргешов) жүктөлсүн.
5. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|