Загрузка документа…
КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-октябры № 14/2
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында өкмөттөгү салыктын бардык түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин ижарага берүүдөн түшүүчү акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында өкмөттөгү салыктын бардык түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин ижарага берүүдөн түшүүчү акыларынын өндүрүлгөндүгү белгиленип, транспорт салыгын өндүрүүдө жетишээрлик деңгээлде иш жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленсин.
2. Ижарага алган атуулдардын тиешелүү документтерин тактоо жана ижарага акы алган боюнча квитанцияны убагында кыркуу, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Т. Кыдыркуловго милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерин тактап чыгып кайрадан кезектеги заседаниеге коюу айылдык кеңештин турактуу комиссиясына тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Бегматов
|