Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы № 82
2012-жылда депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы боюнча Ош шаардык мэриясынын 2013-жылдын 29-январындагы №36/08-5 катын, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Мирзаматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жылдын 31-январындагы №1-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р. Мирзаматовдун маалыматы эске алынсын.
2. Токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына тапшырылсын.
3. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясынын 2012-жылдын 18 декабрындагы №49 «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалынынын жол кыймыл коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Ш. Шакировдун маалыматын угуу маселеси депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталсын.
4 .Ош шаардык мэриясына (М. Мырзакматов):
-депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордо милдеттендирилген иш чаралардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу, көзөмөлдөө жана ар квартал сайын алардын аткарылышы боюнча шаардык кеңешке жазуу түрүндө маалымат берип туруу;
-Ош шаарындагы 215А кварталындагы газ түтүкчөлөрүн башка жерге жылдыруу боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин;
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б. Матисаков).
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р. Мирзакматов)
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|