Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫ (III ЧАКЫРЫЛЫШ)
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу № 84
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы кезектеги IV сессиясынын №32- «Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү комиссиянын курамын бекитүү жөнүдө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү.
Ош шаардык мэриясынын 2013-жылдын 16-январындагы №10/08-6- Ош шаарынын «Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү» боюнча комиссиясы тарабынан кабыл алынган чечимдердин, токтомдордун жана башка иш кагаздардын мыйзамдуулугун арттыруу максатында жана аталган комиссиянын сунушунун негизинде депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы кезектеги IV сессиясынын №32-токтому менен бекитилген «Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү» боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизип бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө " кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №12-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутатардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 17-августундагы кезектеги IV сессиясынын №32- Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-комиссиянын курамына депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин депутаты Д.Атабаев киргизилсин.
-аталган комиссиянын курамынан Т.Шералиев чыгарылып, анын ордуна Ош шаарынын мэриясынын юристи С.Шакенов киргизилсин.(Тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамы
1.Мирзаматов Р.М.- Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2.Кадыров А.У.- Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармасынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Пазилов К.А. - Ош шаардык Кенешинин депутаты, (макулдашуу менен);
4. Абдуллаев Д.А. -Ош шаардык Кенешинин депутаты, (макулдашуу менен);
5. Атабаев Д.С-Ош шаардык Кенешинин депутаты, (макулдашуу менен);
6. Ормонов К.Б. Ош шаардык Кенешинин депутаты, (макулдашуу менен);
7. Капаров Т.Т. Ош шаардык Кенешинин депутаты, (макулдашуу менен);
8. Муратов Т.К. Ош шаарынын мэриясынын шаар куру, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы;
9. Баетов Н.Б. Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы;
10. Калмаматов А. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы;
11. Каратаева У. Ош шаардык мамлекеттик санитардык-эпидомологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери;
12. Нажиев Ш. Көз карандысыз баалочу (макулдашуу менен);
13. Шакенов С. Ош шаарынын мэриясынын юристи;
14. Темиров А. Жеке ишкер (макулдашуу менен)
Комиссиянын катчысы:
Анарбаев А. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тоорук өткөрүү жана менчиктештирүү секторунун башчысы,
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев
|