Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы № 86
Кара-Суу районунун Тɵлɵйкɵн айылында жайгашкан «Жеткинчек» пионер лагерин Ош шаарынын балансына алуу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мүлктү пайдалануу маселелери боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 424 жана Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 5-декабрындагы № 448/08-6 Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында жайгашкан «Жеткинчек» пионер лагерин Ош шаарынын балансына алуу жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №14-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутатардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында жайгашкан «Жеткинчек» пионер лагери профили өзгөртүлбөстөн Ош шаарынын балансына алууга макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын негизинде Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында жайгашкан «Жеткинчек» пионер лагерин профили өзгөртүлбөстөн мүлккө муниципалдык менчик объектеринин реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана ɵзгɵчɵ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы |
Т. Сабиров |