Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы № 88
«Ош шаарынын суу чарбасын жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Ош шаарынын мэриясына кредит алууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2013-жылдын 28-январындагы №34-08-6 Ош шаарын суу менен жабдуунун сапатын жана канализацияларын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Европалык Кайра Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы жана Швейцария Конфедерация Өкмөтү менен бул максаттар үчүн каражат бөлүү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Европалык Кайра Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕКӨБ) менен экономикалык мамилелер боюнча Швейцария мамлекеттик секретариатынан (SECO) «Ош шаарынын суу чарбасын жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорун ишке ашырууга 7.3млн. евро (анын ичинен 3 млн. евро кредит, 4.3млн. евро грант) суммасында кредит алууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап, Ош шаарынын биринчи вице-мэри А.Байгазаковдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Ош шаарынын суу чарбасын жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Ош шаарынын мэриясына кредит алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каржаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы |
Т. Сабиров |