Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы № 90
Кыргыз Республикасынын билим жана илим Министрлигине кайрылуу жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы кезектеги VI сессиясынын жүрүшүндө шаардык Кеңештин депутаты, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Сыдыков Абдымамет Маметибраимовичтин сунушу менен Ош шаарындагы жогорку окуу жайларындагы бюджеттик негизде окууга кабыл алуу үчүн ажыратылуучу орундарды сактап калууга көмөктөшүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинин, Ош юридикалык институтунун жана Ош гуманитардык педагогикалык институтунун базаларындагы бюджеттик негизде окутуу орундарын сактап калуу боюнча Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигине Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу жөнөтүлсүн.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г. Эсенбаева) жүктɵлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы |
Т. Сабиров |