Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-декабры № XXV-2
Кара-Таш айылдык округунун аймагындагы Чечме-Сай айылындагы кыш заводунун пайдалануусунда турган 5,0га жер аянтына ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Кара-Таш айылдык округунун «Кыдырша» жоопкерчилиги чектелген коомунун пайдалануусунда турган 5,0га жер аянтына кыш заводу курулуп пайдаланууга берилгендигине байланыштуу пайдаланууда турган жер аянтына ижара акысын бекитип берүү максатында депутаттардын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Таш айылдык округунун «Кыдырша» жоопкерчилиги чектелген коомунун пайдалануусунда турган 5,0га жер аянтына жылына 25000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө ижара акысы эсептелинсин.
2. Кыш заводун куруу үчүн берилген 5га жер аянтынын ижара акысы пайдаланууга берилген жылы 2011-жыл үчүн кыш заводу жаныдан пайдаланууга киргендигине байланыштуу ижара акысынын жарымы 12500 (он эки миң беш жүз сом) өлчөмүндө толонсун.
3. Ижара акысын мөөнөтүндө айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин комитетине толоп берүү жагы «Кыдырша» ЖЧКнын кыш заводунун жетекчиси Гапыров Сапарга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардык Кара-Таш айылдык төрайымы |
Н. Тажибаева
|